Ысык-Көл облусу кышкы туристтик сезонго даяр

Ысык-Көл облусу кышкы туристтик сезонго даяр. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, туристтерди кабыл алган конок үйлөрү санитардык нормаларды сакташы керек.   Эс алуучулардын коопсуздугун болсо туристтик милиция көзөмөмөлгө алат. Чет элдик туристтердин ыңгайы үчүн туристтик милициянын кызматкерлери англис тилин үйрөнүшкөн.

Ошто 5 мектеп курулуп жатат

Ошто 5 мектеп курулуп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объектилерди курууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп жана кошумча корпустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашып, 275тен 625ке чейин окуучуга эсептелген.   Планга ылайык, алар кийинки жылы колдонууга берилет.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаа жолу” өткөрүү түйүнү жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаа жолу” өткөрүү түйүнү жабылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 2021-жылдын март айына чейин түйүн аркылуу транспорт каражаттары жана адамдар өткөрүлбөйт.   Бул аба-ырыйынын шарттарына жана чукул кырдаалдарды алдын алууга байланыштуу, — дешти ведомстводон.

Эртең Бишкекте кинотеатрлар иштеп баштайт

Эртең Бишкекте кинотеатрлар иштеп баштайт. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Ал эске салгандай, көрүүчүлөр залдарда аралыкты сактоо менен отургузулуп, зал 50 пайызга гана толтурулушу керек.   Ошондой эле, соода борборлорундагы фудкорттор дагы иштейт. Бирок алар дагы санитардык нормаларды сакташы кажет.… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында инженердик иштер токтотулду

Кыргыз-өзбек чек арасында инженердик иштер токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Адыкарим Алымбаев билдирди.   Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш Дерес тилкесинде 2017-жылы чек араларды тактоонун негизинде Өзбекстандын Чек ара кызматы инженердик курулуш иштерин баштаган. Бирок кыргыз тараптагы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 360 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 360 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Кол облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча вирусту жеңгендердин жалпы саны 64 миң 149га жетти.

Бишкекте 1-декабрдан тартып аба-ырайы бир аз жылыйт

Бишкекте 1-декабрдан тартып аба-ырайы бир аз жылыйт. Бирок келерки жумадан кийин кайрадан суук болот. Синоптиктердин маалыматы боюнча, кыштын алгачкы күндөрүндө ордо калаанын жана Чүй облусунун аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 1инен 3үнө чейин эшикте абанын табы +5 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми жумада таңдан кечке чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек

Кыргызстанда июнь айынан бери кызамык менен ооруган жаран каттала элек. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, январдан май айына чейин 730 учур катталган. Июнь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин кызмамык токтоду, — деп белгиледи Ишенапысова. Эске салсак, кызамык – өтө… Кененирээк…

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Дүйнө кубогуна катышат

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Дүйнө кубогуна катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, дүйнө кубогу 12-декабрдан 18ине чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Учурда Улуттук курама команданын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Ал 5-декабрга чейин уланат.

Улуттук банк 1-декабрдан тартып “Кыргыз күрөш” коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 1-декабрдан тартып “Кыргыз күрөш” коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда, монеталар “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясынын алкагында күмүш жана жез-никелден турат. Коллекциялык тыйындар улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.