Ошто 5 мектеп курулуп жатат

Ошто 5 мектеп курулуп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объектилерди курууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп жана кошумча корпустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашып, 275тен 625ке чейин окуучуга эсептелген.

 

Планга ылайык, алар кийинки жылы колдонууга берилет.