Бишкекте бүгүн жаан аралаш кар жаап, жолдор тайгак болот

Бишкекте бүгүн жаан аралаш кар жаап, жолдор тайгак болот. Андыктан айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат. Синоптиктердин маалыматына караганда, күн аягына чейин майда кар жаап, асманды ала булут каптап турат. Кечке маал кар күчтөнүп таң атканча жаайт. Куткаруучулар эскертишкендей, айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы аралыкты… Кененирээк…

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысынын жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп Азамат Сагындык уулу дайындалды. Ал буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген. Мурдагы башчы Уланбек Азыгалиев өз арызынын негизинде жумуштан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мэрдин… Кененирээк…

Европа лигасындагы беттешке 2 миң күйөрман киргизилди

«Арсенал» жана «Рапид» клубдарынын Европа лигасындагы беттешине 2 миң күйөрман киргизилди. Р-Спорт билдиргендей, бул Улуу Британияда марттан бери фанаттар стадиондон көргөн алгачкы беттеш. Британиянын бийлиги буга чейин айрым клубдардын стадиондогу оюндарына белгилүү сандагы күйөрмандарды киргизүүгө уруксат берген.

Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезондо 400 милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезондо 400 милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Кызматкерлердин 100дөн ашыгы элдик кошуундун мүчөлөрү. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облуста эс алуу сезону ачылып, тоо лыжа базалары жана кышкы эс алуу жайлары иштеп баштады. Ал эми чет элдик туристтер менен атайы түзүлгөн туристтик… Кененирээк…

Жалал-Абаддын бир катар мектептеринде билим берүү кадимки режимде башталат

Жалал-Абаддын бир катар мектептеринде билим берүү кадимки режимде башталат. Бул тууралуу novosti.kgге калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, кеп, окуучулардын саны аз болгон жеке менчик жана муниципалдык билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Эми алар шаардык штабдын чечими менен 7-декабрь, тагыраагы келээрки дүйшөмбүдөн тартып… Кененирээк…

Ишкерлерди текшерүү мораторийи 2022-жылдын аягына чейин узартылды

Ишкерлерди текшерүү мораторийи 2022-жылдын аягына чейин узартылды. Өкмөт аппаратынын малымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерге кошумча стимул берүүгө багытталган

Кыргызстанда акыркы суткада 524 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 524 адам коронавирустан айыкты. Сакайгандар Бишкекке 132, Ошко 35, Чүй 137, Ошко 33, Таласка 9, Нарынга 8, Ысык-Көлгө 69, Жалал-Абадга 49 жана Баткенге 52си туура келет. Ушуну менен пандемия башталгандан бери өлкөдө ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны 66 миң 113 адамга жетти.… Кененирээк…

АКШда ымыркай 27 жылда төрөлдү

АКШда ымыркай 27 жылда төрөлдү. Кеп, 1992-жылдан 2020-жылдын февралына чейин тоңдурулуп турган эмбрион тууралуу болуп жатат. Ымыркайдын ата-энеси жана башка көптөгөн жарандар мындай жол менен генетикалык жактан байланышы жок эле балалуу боло алышат. Учурда АКШда мындай миллондогон адамдын эмбриондору тоңдурулуп, сакталып турат.

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 3 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 3 күн катары менен эс алат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт. Дем алыш күндөрү календарга ылайык, 1,2,3,7-январь. 4үнөн 6сына чейин жана 8-январь кадимки иш күнү болот.

Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү. Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн таңкы саат 9дан тартып “Бишкек жылуулук энерго” авариялык жумуштарга байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, 6-бейтапканада, медакадемиянын жатаканасында жылуулукту өчүрүп турууга аргасыз болду. Ошондой эле жылуулук жана ысык суу Панфилов, Абай, Малдыбаев,… Кененирээк…