Европа лигасындагы беттешке 2 миң күйөрман киргизилди

«Арсенал» жана «Рапид» клубдарынын Европа лигасындагы беттешине 2 миң күйөрман киргизилди.

Р-Спорт билдиргендей, бул Улуу Британияда марттан бери фанаттар стадиондон көргөн алгачкы беттеш.

Британиянын бийлиги буга чейин айрым клубдардын стадиондогу оюндарына

белгилүү сандагы күйөрмандарды киргизүүгө уруксат берген.