Мамлекеттик экотехинспекция аймактардагы тез тамактануу жайларын текшерип жатат

Мамлекеттик экотехинспекция аймактардагы тез тамактануу жайларын текшерип жатат. Ведомство маалыматына ылайык, учурда рейд Нарын облусунда жүрүүдө. Анын алкагында тез тамактануу түйүндөрүндөгү өрт коопсуздугу, жабдуулардын, газ баллондорунун туура орнотулушу текшерилүүдө.

 

Эске салсак, буга чейин Талас  облусунда жана Каракол шаарында тез тамактануу жайларында газ баллон жарылып, жалпысынан 16 адам жабыркап, 1 адам каза тапты.