Коомчулуктун сынынан улам, президенттин инаугурациясынын сценарийи өзгөртүлдү

Коомчулуктун сынынан улам, президенттин инаугурациясынын сценарийи өзгөртүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, инаугурация күнү кортеж болбойт жана резиденциядан баштап филармонияга чейинки жол жабылбайт.   Банкет уюштурулбайт. Иш-чарага канча каражат жумшала турганы уюштуруу комитети жыйынга чогулгандан кийин белгилүү болот, — дешти президент аппаратынан.… Кененирээк…

Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыктары көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыктары көбөйүшү мүмкүн. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, биздин өлкөдө эң төмөн базистик маяна дарыгерлерде.   Көп жылдардан бери 5 миң сом айлык алып жүргөн медицина кызматкерлери бар. Учурга карата маянаны көтөрүүнүн 3 варианты иштелип чыкты, алар өкмөттүн кароосуна… Кененирээк…

“Кыргызстандын улуттук электр станциялары” ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат

“Кыргызстандын улуттук электр станциялары” ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Зарылчылыгы жок болсо, электр жабдууларын күйгүзбөй эле коюу оң, өзгөчө кечки убакта.   Компаниядан түшүндүрүшкөндөй, бул тармактарга күч келтирбей, аварияларды алдын алууга шарт түзөт. Жакынкы күндөрү катуу суук болуп, тынбай кар жаайт, адатта, аба-ырайынын… Кененирээк…

Жүргүнчү ташуучу фирмалардын ээлери маршруттук таксилерде жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылууда

Жүргүнчү ташуучу фирмалардын ээлери маршруттук таксилерде жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылууда. Мындай талаптарын алар мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен жолугушууда жарыялашты.   Өз кезегинде Түлөбаев маршруттук таксилерде жүрүү акысын 15 сом, автобус, троллейбустарда убактысына карабай 10 сомдон кылууну сунуштады. Бул маселени чечүү… Кененирээк…

Бишкектин 3 районуна ийне жалбырактуу дарактар отургузулат

Бишкектин 3 районуна ийне жалбырактуу дарактар отургузулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, Тыныстанов көчөсүнө 20 көчөт, Масалиев тилкесине 30 бак, ошондой эле Жеңиш аянтынын аймагына 6 балаты тигилди. Кышкы көчөттөрдү отургузуу жана аларга кам көрүү иштери уланууда. Белгилеп кетсек, ийне жалбырактуу дарактар абаны оор металлдардан, чаң… Кененирээк…

АКШга келгендерге жаңы эрежелер киргизилди

АКШга келгендерге жаңы эрежелер киргизилди. Президент Джозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалым катты гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Анын айтымында, АКШда вирустун жаңы штаммы аныкталса, башка мамлекеттерден учуп келгендерге чара колдонулат. Белгилеп кетсек, жаңы шайланган президент Джо… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда кар жаап жатат. Бирок унаалардын кыймылы татаалданган жок. Ар бир ашуу тилкелеринде жолчулар нөөмөттө турат. Алар жолдорго инерттүү материалдарды сээп, кардан арылтышууда

Ошто биринчи муниципалдык унаа токтотуу жайы курулду

Ошто биринчи муниципалдык унаа токтотуу жайы курулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, аянт Манас-Ата кичирайонундагы Салиева көчөсүндө жайгашат. Шаар бийлиги жер бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин түздү. Ал эми курулуш иштери менен жакын жайгашкан турак жайлардын жашоочулары алектенди. Эми муниципалдык унаа токтотмолор шаардын башка райондорунда да пайда… Кененирээк…

Кыргызстанда калк үчүн электроэнергиянын баасы КМШ өлкөлөрү арасында эң төмөнкү баада

Кыргызстанда калк үчүн электроэнергиянын баасы КМШ өлкөлөрү арасында эң төмөнкү баада. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, мисалга алсак Россияда калк үчүн тарифтердин орточо баасы 1 киловатт 10 центти түзөт. Ал эми биздин өлкөдө 1 киловатт-саат 1 центтин гана тегерегинде. Белорусияда тарифтер 6дан 10 центке чейин.… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 155 адам коронавирусту жеңди

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 155 адам коронавирусту жеңди. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча ковидден айыккандардын жалпы саны 79 миң 664 адамды түздү.