Карантин учурунда блокпостторго дарыгерлерди тартуу натыйжалуу болбогону айтылды

Өлкөдө пандемия маалында медицина кызматкерлери блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок бул ыкма натыйжалуу болгон эмес дейт пандемиянын кесепеттерин иликтөө комиссиясынын мүчөсү Самат Асаналиев. Бул тууралу ал бүгүн, 22-январда өтүп жаткан комиссиянын жыйынында айтты.

«Дарыгерлердин көбү блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок натыйжасы аз болгон. Блокспосттордо иштеген дарыгерлердин ишин күч органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана башка жарандар деле жасамак.

Мындан тышкары оору аныкталбаган жарандар жаткан обсервацияларга да дарыгерлерди ишке тартуу жакшы натыйжа берген эмес. Обсервацияларда жаткандардын дене табын, сатурациясын ыктыярчылар же болбосо ошол эле жайда жаткандар бири-бириникин текшере алмак», — деди.