Мурдагы министр Чолпонбаев марттын ортосуна чейин үй камагында калат

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

 

Ага ылайык, баш коргоо чарасын узартуу боюнча чечим ушул райондук сотто кабыл алынган.

Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган.

Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон.

 

Мурдагы министр кармалган соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

2020-жылдын 22-октябрь күнү №1 тергөө абагынан жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн. Ошол учурда абалы оор болгондуктан кан тамырлары текшерилген эмес.

Ноябрь айында анын жүрөгүнө операция жасоо керектиги айтылып, кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин Саламаттык сактоо министрлигин башкарган.