Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки кар көчкү түштү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында түштү.

 

Көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 миң кубометрди түзөт. Трассанын бир тилкеси кыймылга жабылды. Жабыркагандар жок. Учурда жеринде жолчулар жана атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө.