Айдоочуларга эскертүү

Аба ырайынан улам айдоочулар зарылдык болбосо Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош жолдоруна сапарга чыкпай эле койгону жакшы. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

 

«ӨКМден аба ырайынын өзгөрө турганы, кар калың жаап, жол тайгалак болуп, аны катуу шамал коштоорун кабарлашты. Андыктан айдоочуларга өтө зарылдык жаралбаса, Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош жолдору менен каттабай туруусун эске салабыз», — деп айтылган маалыматта.

Аталган мекемеден Сосновкадагы постто оор жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына чектөө коюлганын да кабарлашты.