Жалал-Абадда жаңы унаа базары мартта ачылат.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда келечектеги соода аймагынын
айланасын тозуу жана жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Жаңы унаа базарына
транспорт каражаттары 4 тараптан кирип-чыга алат. Төлөмдөр электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Түшкөн каражат шаар бюджетине которулат. Базардын ачылышы менен Жалал-Абад
шаарынын борбордук көчөлөрү унаа тыгындарын азайтууга шарт түзөт.