Subaru компаниясы бир жумушчусу үчүн 400 унааны артка чакыртып алат

Subaru компаниясы бипр жумушчусу үчүн 400 унааны артка чакыртып алат. Чет элдик ММКлар жазышкандай, жумушчу гайканы туура эмес бурап койгондуктан, Индиана штатындагы заводдо 14-21-декабрь аралыгында чыгарылган машинелердин бардыгында кыймылдаткыч туура эмес иштеши мүмкүн.   Ээлерине болсо, акчасы кайтарылат, же катачылык адистер тарабынан жоюлат.

Индияда мөңгү козголуп, 150 киши дайынсыз болуп жатат

Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү ордунан жылып кетип, учурда 150 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилмете берип РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, мөңгүнүн чоң-чоң бөлүктөрү Алакнанда жана Дхаулиганга дарыяларына түшкөн. Жыйынтыгында андагы суу көтөрүлүп, ылдый жакта жайгашкан Сринагар, Ришикеш жана Харидвар гидроэлектр станцияларына коркунуч жараткан.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 85 миңден ашты

Кыргызстанда 7-февралга карата дагы 79 адамга коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду.   Илдетке каршы Республикалык штаб кабарлагандай, ооруга чалдыккандардын саны расмий 85 071ге, өлгөндөр 1426га жетти. Ооругандардын арасынан 81 635и сакайды. Акыркы бир суткада 93 бейтап айыкты.   Коронавирус Чүй облусунда, Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда көп жайылууда.… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Алдыдагы 3 күндө Кыргызстан аймагында температура кескин төмөндөйт. Өлкөнүн басымдуу аймактарында  8-9-февралда карга айланган жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлөт.   Мындай туруксуз аба-ырайынын шарттары коммуналдык кызматтардын ишин татаалдандып, транспорт кыймылына тоскоолдук жаратат.

Түштүк Кореяда Чыңгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары» повестинин негизинде спектакль коюлду

Түштүк Кореяда Чыңгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары» повестинин негизинде спектакль коюлду. Кореялык актёр, актрисалар ойногон спектаклди казакстандык жаш режиссёр Дина Жумабаева койду.   Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, актёрдук курам, коюучу режиссёр корейлер, ал эми хореография жана үн жагын казакстандык команда колдогон.   «Кош бол, Гүлсары» спектаклин быйыл Түштүк Кореяда өтө турган театр… Кененирээк…