Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов кызматынан бошотулду

Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда жарыялады.   Белгилүү болгондой, Алымкулов башка кызматка которулат.

Бишкек-Ош унаа жолу кардан тынбай тазаланып жатат

Бишкек-Ош унаа жолу кардан тынбай тазаланып жатат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында тыгындарды алдын алуу максатында жолчулар трассаны тазалап, инерттүү материал түндөн бери себилип жатат.   Бишкек-Ош багытында сапарга чыккан айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдорунда, Камакысмак капчыгайында жана Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында муз тоңуп, кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга унаалар ортосундагы… Кененирээк…

Түркиядан Кыргызстанга 5 көчмө клиника алып келет

Түркиядан Кыргызстанга 5 көчмө клиника алып келет. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   Ар бир көчмө унаа клиниканын ичинде УЗИ аппарат, томмограф, рентген, биохимиялык анализдерди чыгаруучу лабораториялык жабдуулар менен кошо көз ооруларына операция жасоого ыңгайлашкан чакан операция жайы бар.… Кененирээк…

Бишкекте 43 көчө Кытай грантынын негизинде оңдолот

Бишкекте 43 көчө Кытай грантынын негизинде оңдолот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эске салсак, кайра калыбына келтирүү иштерине кытай тарап каражатты “Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында бөлүп берген.   Программанын алкагында быйыл 70 чакырым жол катмары оңдолуп, 5 көпүрө курулат. Учурда иштер ордо калаанын 6… Кененирээк…

Киев шаарында аянты болгону 6 чарчы метр батир сатыкка чыгарылды

Киев шаарында аянты болгону 6 чарчы метр батир сатыкка чыгарылды. Турак-жайдын сүрөттөрү интернетте жарыяланды. Яворницкий көчөсүндөгү имараттын акыркы кабаты батир алдына өзгөртүлгөн.   Анда кир жуучу машине, суу жылыткыч, муздаткыч, электр меши, шкаф жана диван бар. Ал эми терезенин ордуна чоң картина илинип турат. Мындай… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан дагы 79 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 79 адам айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 33, Ошто 3, Чүйдө 21, Нарында 3, Ысык-Көлдө 14, Жалал-Абадда 5 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 81 миң 714 адам коронавирусту жеңди.

Бишкекте кыш эстафетаны акырындап жазга өткөрүп берүүдө

Бишкекте кыш эстафетаны акырындап жазга өткөрүп берүүдө. Бул анын соңку жумасы. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең шаарда температура кескин төмөндөйт.   Түнкүсүн минус көрсөткүчү болот. Күндүз кар жааганына карабай, +3…5 градус жылуу болуп турат. Жаан бүгүн кечинде жаап баштап, бейшембиге чейин кар жаайт. Бирок 14-февралдан тарта… Кененирээк…

Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү

Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Каттамдарды эки авиакомпания аптасына үч ирет жүргүзүп жатат.   Кыргызстандыктар, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алсак,… Кененирээк…

Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлдү

Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлдү. Чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бирок айрым  категориядагы адамдарга  кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө уруксат берилет.   Бул эрежелер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталат.   Казакстандын аймагындагы саламаттык сактоо мекемесинин чакыруусу менен… Кененирээк…