Бишкек шаардык сотунун имаратына түндө белгисиз адамдар эшигин бузуп киришти

Бишкек шаардык сотунун имаратына түндө белгисиз адамдар эшигин бузуп киришти. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардык документтер ордунда, жарандык, кылмыш жана административдик иштердин жоголушу катталган жок. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат

Өзбекстанда эмгек өргүүнүн жаңы түрү чыкты

Өзбекстанда эмгек өргүүнүн жаңы түрү чыкты. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 5 күндүк эс алуу негизги эмгек өргүүнүн эсебинен эле берилет. Бирок бул учурда кызматкер ата-энеси, үй-бүлөсү жана улгайган туугандары менен саякаттаса болот. Мындай чечим ички туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Өлкөнүн… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги ирет айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте кезектеги ирет айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, жарманке 13-14-февралда Түштүк Магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө өтөт. Анда азык-түлүктүн баасы базар баасынан 10-15%га төмөн сатылат. Анда шаардыктар эт, сүт азыктарын, жашылчаларды дүң баада сатып алса болот.

Кыргызстан бийлиги 5 жыл аралыгында 7,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо ниетинде

Кыргызстан бийлиги 5 жыл аралыгында 7,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо ниетинде. “Менин үйүм” долбоору өкмөттө презентацияланды. Пландалгандай, программа 2021-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашат. Ошондой эле үйлөрдү курууга каражат табуу, инвестицияларды тартуу жана ипотекалык баалуу кагаздарды түзүү маселелерин чечүү керек. Өкмөт жакынкы аралыкта “Менин… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыркы жылдын жыйынтыгы менен орточо айлык 18 миң 493  сомду түздү

Кыргызстанда былтыркы жылдын жыйынтыгы менен орточо айлык 18 миң 493  сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга көп. Ведомстводон белгилешкендей, маяна дээрлик бардык экономикалык багыттагы ишкана, уюмдарда жогорулады. Айлыгы көбөйгөндөргө электроэнергия, газ, кыймылсыз мүлк иштери менен алектенгендер, ошондой эле транспорт… Кененирээк…

Бишкекте мектеп жана бала бакчаларды 1-марттан тартып ачуу пландалууда

Бишкекте мектеп жана бала бакчаларды 1-марттан тартып ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирет. Ал белгилегендей, бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Вируска чалдыккандардын саны көп катталса, тиешелүү чаралар көрүлөт. Эске салсак, буга чейин ушундай эле маалымат мэрия тарабынан жарыяланган. Учурда оффлайн… Кененирээк…

Улуу Британияда уча турган автобус чыгарылат

Улуу Британияда уча турган автобус чыгарылат. Долбоорго жергиликтүү компания 4,5 миллион фунт стерлинг бөлүп берди. Учуучу аппарат кадимки автобустардын каттамы менен жүрөт, бирок асманда.   Анда дагы кадимкидей аялдамалар болуп, жүргүнчүлөр отургузулуп, же түшүрүлөт. Мындай өзгөчө автобуска бир учурда 50гө чейин адам түшө алат.

Мусулмандардын дин башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Токтомушев иштен кетүү арызын жазды

Мусулмандардын дин башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Токтомушев иштен кетүү арызын жазды. Маалыматты ведомствонун басма-сөз кызматынан тастыкташты. Муфтийдин отставкага кетүү себеби такталбайт.   Белгилеп кетсек, бүгүн эле башкармалыктагы каржылык кылмыш аныкталды. Кызматкерлер ажылыкка чогулган каражаттан 100 миллион сомду жеке компанияларга карызга берип, ай сайын анын пайызын алып… Кененирээк…

Спектакль же концертти эми терезеден эле көрүп алса болот

Спектакль же концертти эми терезеден эле көрүп алса болот. Каир шаарында “көчмө театр” иштеп баштады. Атайын унаа райондорду аралап, концерттерди тартуулайт.   Жабдуулар жана декорация дагы машине менен эле ташылат. Көчмө театр заманбап үн жана жарык системалары менен камсыздалган.  Жергиликтүү тургундар кааласа, балкондон баш багып… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси  1-апрелге чейин даяр болушу керек

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси  1-апрелге чейин даяр болушу керек. Бул тууралуу БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.   Анын айтымында, шайлоого 3 күн калганда тизме ар бир участокко илиниши шарт. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси 20-февралга чейин даяр болот, аларга өзгөртүүлөрдү жарандар 27-мартка чейин… Кененирээк…