Кыргызстанда былтыркы жылдын жыйынтыгы менен орточо айлык 18 миң 493 сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга көп.
Ведомстводон белгилешкендей, маяна дээрлик бардык экономикалык багыттагы ишкана, уюмдарда жогорулады.
Айлыгы көбөйгөндөргө электроэнергия, газ, кыймылсыз мүлк иштери менен алектенгендер,
ошондой эле транспорт иштериндеги кызматкерлер жана жүк сактоо тармактары кирген жок.