Бишкекте мектеп жана бала бакчаларды 1-марттан тартып ачуу пландалууда

Бишкекте мектеп жана бала бакчаларды 1-марттан тартып ачуу пландалууда.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирет.

Ал белгилегендей, бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.

Вируска чалдыккандардын саны көп катталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске салсак, буга чейин ушундай эле маалымат мэрия тарабынан жарыяланган.

Учурда оффлайн режиминде 1,5,9,11-класстын гана окуучулары билим алышууда.