Кыргызстан мамлекеттик бюджетинин дефицити бул жылы 8,5 миллиард сомго теңелет

Кыргызстан мамлекеттик бюджетинин дефицити бул жылы 8,5 миллиард сомго теңелет. Буга чейинки божомолдорго салыштырмалуу, казнадагы акча тартыштыгы дагы 509 миллион сомго көбөйдү, — деп билдирет “Акчабар” агенттиги Каржы министрлигине шилтеме келтирип.   Маалыматка ылайык, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү айырма тышкы булактардын эсебинен жабылат.  … Кененирээк…

Тамактануу сапатын жакшыртуу максатында мектептерде эми өсүмдүк өстүрүлөт

Тамактануу сапатын жакшыртуу максатында мектептерде эми өсүмдүк өстүрүлөт. Чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.   Ага ылайык, билим берүү мекемесинин аймагында жер тилкеси жана тиешелүү материалдык-техникалык база болсо, чарба түзүү керек.   Белгилеп кетсем,  учурда республиканын 1 миң 485 мектебинде 1-4 класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилет.

Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада алса болот

Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада алса болот.   Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, айыл-чарба субъектилерине күйүүчү май 2 сомго арзаныраак сатылат.   Учурда жер семирткич, үрөндөр жергиликтүү базарларда жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, Баткенде   жаздык жана күздүк себүүдө 30 миңден ашык гектар жерге дан эгиндерин… Кененирээк…

Россия  Кыргызстанга мындан ары  дагы колдоо көрсөтөт

Россия  Кыргызстанга мындан ары  дагы колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, ошондой эле, пандемия менен күрөшүүдө жардам берилет.   Жапаров чет өлкөгө болгон биринчи сапарын Россияга жасады. Ал кечээ өкмөттүк делегация менен Москвага барды.