Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди

Сузакта «Портер» жүрүп кетип, андан жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, алар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров жабыркагандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында балдарды Бишкекке алдыруу тапшырмасын берген. Алар борбор шаарга атайын борт менен алып келинген.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.