Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышы азайды
Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышы азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Чиновник белгилегендей, учурга карата республиканын стационарларында COVID-19 тастыкталган 379 бейтап дарыланып жатат. Алардын көбүнүн абалы жакшы. Ошондой эле, 309 жаран амбулатордук дарыланууда, — деди Үсөнбаев.