Кыргызстан мамлекеттик бюджетинин дефицити бул жылы 8,5 миллиард сомго теңелет

Кыргызстан мамлекеттик бюджетинин дефицити бул жылы 8,5 миллиард сомго теңелет. Буга чейинки божомолдорго салыштырмалуу, казнадагы акча тартыштыгы дагы 509 миллион сомго көбөйдү, — деп билдирет “Акчабар” агенттиги Каржы министрлигине шилтеме келтирип.

 

Маалыматка ылайык, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү айырма тышкы булактардын эсебинен жабылат.

 

Андан тышкары, бийлик донорлордун эсебинен ички дефицитти гана жаппай, тышкы карыздарды дагы берүү ниетинде.