ЕАЭБ чек арасында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды.
Өкмөттөн билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Ага ылайык, мындан ары товарды коштоочу документтерге аталган көзөмөлдөн өткөндүгү
тууралуу маалым кат талап кылынбайт. Чечим расмий жарыялангандан
он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.