2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү арасында айлык акы барынан Белоруста жогорулады

2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү арасында айлык акы барынан Белоруста жогорулады. Анда номиналдуу жана реалдуу маянанын көлөмү 14,2 жана 8,1 пайызды түздү. Казакстанда 14,6 жана 7,3 пайызга жогорулады. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүчтүн көлөмү 7,7 жана 2,5 пайызды түздү. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, былтыркы жылдын аягында… Кененирээк…

Бишкекте айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан этият болуу сунушталат

Бишкекте айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан этият болуу сунушталат. Ылдамдык режимин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоо авариялардын алдын алат, — деп эскертишти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Бүгүн ордо калаада кар жаап, абанын табы -2ге чейин төмөндөйт. Жолдордо муз тонот. Мындай аба-ырайы күн жарымына чейин созулат. Анын ортосунда… Кененирээк…

Ордо калаада өкмөт үйүнүн алдындагы тротуар калыбына келтирилет

Ордо калаада өкмөт үйүнүн алдындагы тротуар калыбына келтирилет. Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери жумуштарды аба-ырайынын шарттары жакшырса эле баштайт. Ушул жылы аталган аймактагы таман таш алынып, асфальт төшөлөт. Күтүлгөндөй иштер 9-10-мартта аткарылат.

Мамлекеттик каттоо кызматы 300 миң кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын чогултууну көздөп жатат

Мамлекеттик каттоо кызматы 300 миң кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын чогултууну көздөп жатат. Атайын уюштурулган көчмө калкты тейлөө борборлору өлкөнүн алыскы аймактарында жашагандарга жардам көрсөтөт. Унаалар борбордук аянттарда, базарлардын кире беришинде, айылдардын жана шаардын жергиликтүү башкаруу мекемесинде турат. Алар 20-мартка чейин саат 10дон кечки 4кө чейин иштейт.… Кененирээк…

Бишкекте электр тармактарын оңдоо уланууда

Бишкекте электр тармактарын оңдоо уланууда. Андан улам, бүгүн кечки саат 5ке чейин Жибек Жолу, Саманчин, Месарош, Шайыр, Саратов, Москва, Кулиев, Бейшеналиева, Токтогул, Лулумба, Профсоюз, Сыдыгалиев, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Элебесов, Логвиненко көчөлөрүнүн бирбөлүгүндө, Тунгуч кичирайонунда, Ак-Босого, Арча-бешик конуштарында электр энергиясы жок болот

Гүл сатуучу түйүндөрдө кардарлардын саны көбөйүүдө

Гүл сатуучу түйүндөрдө кардарлардын саны көбөйүүдө. Novosti.kgнин журналисттери жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 8-март аялдар майрамына карата өтүмдүүлүгү боюнча биринчи орунда жаз гүлүнүн символу — жоогазын турат. Бул күнү роза дагы көп сатылгандардын катарында. Назик өсүмдүктүн бир даанасынын баасы жөнөкөй күндөрү орточо эсеп менен 70 сомдон 250… Кененирээк…