Гүл сатуучу түйүндөрдө кардарлардын саны көбөйүүдө

Гүл сатуучу түйүндөрдө кардарлардын саны көбөйүүдө.

Novosti.kgнин журналисттери жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 8-март аялдар майрамына карата

өтүмдүүлүгү боюнча биринчи орунда жаз гүлүнүн символу — жоогазын турат. Бул күнү роза дагы

көп сатылгандардын катарында. Назик өсүмдүктүн бир даанасынын баасы жөнөкөй күндөрү

орточо эсеп менен 70 сомдон 250 сомго чейин болсо, бул майрамда наркы 20 пайызга көтөрүлөт.

Бул, экспорттоочу өлкө Голландиядан кымбатыаак келгенине байланыштуу болот. Андан тышкары,

лилия, гербера, хризантеманы да тандагандар бар. Оролгон букеттин баасы

андагы гүлдөрдүн санына жараша 500 сомдон жогору.