Бишкекте 15-марттан тарта ондоо иштерине байланыштуу 14 көчө убактылуу жабылат

Бишкекте 15-марттан тарта ондоо иштерине байланыштуу 14 көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кайра калыбына келтирүү “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт. Долбоор эки жылга эсептелген.   Бул аралыкта беш көпүрө курулуп, 70 чакырымдык 60 жол ремонттолот.   Каркыра көчөсү Гагаринден Ак-Ордо… Кененирээк…

“Түндүк электр” ишканасы тармактарды оңдоо иштерин баштады

“Түндүк электр” ишканасы тармактарды оңдоо иштерин баштады. Ишканадан билдиришкендей, иштер Талас жана Чүй облустарында аткарылат. Андан тышкары, электриктер эски трансформаторлорду алмаштырып, линияларга тоскоолдук жараткан дарактарды кыркуу иштерин жүргүзөт. Андыктан, иштер жүрүп жаткан учурда жерлерде убактылуу өчүрүүлөр болуп турат

Кыргызстанда картөшкө 70 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда картөшкө 70 пайызга кымбаттады. Өсүмдүк майы 64 пайызга. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди. Анын айтымында, кумшекер 57 пайызга наркын жогорулатса, эт 20дан 40 пайызга чейин, жумуртка 34 пайызга. Сабиров белгилегендей, баалар бир айда эле көтөрүлгөн жок, жыл… Кененирээк…

Кыргызстан ковид менен күрөшүүнү улантууда

Кыргызстан ковид менен күрөшүүнү улантууда. Акыркы суткада дагы 49 адам коронавирустан айыгып чыкты, — деп билдиришти республикалык штабдан. Андан белгилешкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүйгө жана Ошко туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча вирустан айыккандардын жалпы саны 83 миң 424 адамга жетти.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында экинчи орунда

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында экинчи орунда. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдиргендей, Аи-92 бензинин эң арзаны Казакстанда, литри 31 сом 30 тыйындан, Кыргызстанда 41 сом 50 тыйын болсо, эң кымбаты Арменияда 60 сом 90 тыйындан. Жетекчи белгилегендей,… Кененирээк…

Улуу Британияда мышыктын айынан ылдам жүрүүчү поезд 3 саатка кармалды

Улуу Британияда мышыктын айынан ылдам жүрүүчү поезд 3 саатка кармалды. Поезд Лондон-Юстон темир жол вокзалынан Манчестерге багыт алмак. Анын чатырына мышык отуруп алып түшпөй койгондуктан, поезд убактылуу иштен чыгарылып, андагы жүргүнчүлөр башка каттамга которулду. Темир жол үстүндөгү электр линиялары мышыктын өмүрүнө коркунуч жараткандыктан, станциянын кызматкерлери… Кененирээк…

Өтмөк ашуусунда кыймылга чектөө киргизилди

Өтмөк ашуусунда кыймылга чектөө киргизилди. Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кар калың жаап, көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, кырсыктарды алдын алуу максатында Талды-Булак айылындагы пост жабылды. Учурда Өтмөк ашуусунда жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Өткөрүү түйүнү качан ачылары азырынча белгисиз

Жалал-Абад шаарында “Коопсуз шаар” долбоору жай айларында иштеп баштайт.

Жалал-Абад шаарында “Коопсуз шаар” долбоору жай айларында иштеп баштайт. Бул тууралуу novosti.kgге калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, камералар шаардын 12 тилкесинде пайда болот, ага ылайык жабдуулар орнотула турган көчө кесилиштери аныкталды, учурда тилкелерге чийиндерди түшүрүү жумуштары жүрүп жатат. Күтүлгөндөй, камераларды орнотуу иштери апрелде башталат. Андан… Кененирээк…

8-март майрамына карата айымдарга берүү үчүн бөлмө гүлдөрүн тандоо сунушталат

8-март майрамына карата айымдарга берүү үчүн бөлмө гүлдөрүн тандоо сунушталат. Кучак толо жоогазын же розаны белекке алуу кубандырбай койбойт. Бирок оор басырыктуу, пафос жашоо образын тандабаган аялдар үнөмдүү жана узак жашай турган бөлмө гүлдөрүн алууну самашат. Мырзалар, мисалга фикус, бонсай, примула, азалия, каланхоэ, орхидея же… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды

Бишкек-Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды. Кеп, трассанын 231-чакырым аралыгы тууралуу болуп жатат. Унаа жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн таңда аталган трассага кар көчкү түштү. Анын узундугу 100 метр болсо, бийиктиги 2,5 миң куб метрге жетет. Жеринде тазалоо иштери уланууда. Белгилеп кетсек, өлкөнүн тоолуу аймактарында… Кененирээк…