Мамлекеттик каттоо кызматы 300 миң кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын чогултууну көздөп жатат

Мамлекеттик каттоо кызматы 300 миң кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын чогултууну көздөп жатат.

Атайын уюштурулган көчмө калкты тейлөө борборлору өлкөнүн алыскы аймактарында жашагандарга жардам көрсөтөт.

Унаалар борбордук аянттарда, базарлардын кире беришинде, айылдардын жана шаардын жергиликтүү башкаруу мекемесинде турат.

Алар 20-мартка чейин саат 10дон кечки 4кө чейин иштейт. Мобилдик түйүндөрдүн кызматкерлери паспорт алуу боюнча

кызматтарды көрсөтөт. Мындай иштер шайлоодо жана референдумда добуштарды саноодо тактык үчүн аткарылууда.