Ордо калаада өкмөт үйүнүн алдындагы тротуар калыбына келтирилет.
Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери жумуштарды
аба-ырайынын шарттары жакшырса эле баштайт. Ушул жылы аталган аймактагы таман таш алынып,
асфальт төшөлөт. Күтүлгөндөй иштер 9-10-мартта аткарылат.