Бишкекте айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан этият болуу сунушталат.
Ылдамдык режимин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоо авариялардын алдын алат, — деп
эскертишти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Бүгүн ордо калаада кар жаап, абанын табы -2ге чейин төмөндөйт.
Жолдордо муз тонот. Мындай аба-ырайы күн жарымына чейин созулат. Анын ортосунда трассалар, тротуарлар жана
турак айлар арасындагы аймактарга инерттүү материалдар себилет.