Бишкек — Ош жолунда жүк ташыган унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек — Ош жолунда жүк ташыган унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  билдиришти. Андан такташкандай, калың жааган карга карабай,  жол жеңил унаалар менен кичи автобустар үчүн ачык. Ал эми жүк ташуучу унааларга «Сосновка» постунда чектөө киргизилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү активдешти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү активдешти. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, жер кыртышынын жылышы Жүзүм-Жан айылында катталды. Жыйынтыгында, 9 турак-жайга коркунуч жаралды.   Алардын тургундары коопсуз жерге көчүрүлдү. Учурда жеринде жарандык корогонуу комиссиясынын адистери иштеп жатат.

Бишкектин, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды

Аба-ырайынын начар шарттары Бишкектин, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүнө алып келди. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, компаниянын бардык адистери учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Ордо калаада 105 бригада иштеп жатса, Чүйдө 53, Таласта 33 адистердин тобу аварияларды жоюу аракетин көрүүдө. Электр энергиясын… Кененирээк…

«Коопсуздук-2021» биргелешкен машыгуусунун биринчи этабы башталды

Кыргызстанда бүгүн, 1-апрелде «Коопсуздук-2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды. Коргоо министрлиги кабарлагандай, машыгуунун максаты – мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткаруусуна даярдыкка келтирүү.   Машыгуунун башталыш аземинде сүйлөп жатып коргоо… Кененирээк…

Кыргызстанда күн качан жылый баштайт, синоптиктер айтып беришти

Кыргызстанда күн качан жылый баштайт, синоптиктер айтып беришти. Алардын айтымында, эртеңден тартып суук акырындап кайтат. 3-апрелден тартып, борбордук аймактарда жылуу аба-ырайы кайтып келет. Ысык-Көл жана Нарын облустарына чыныгы жаз 5-апрелден тартып келет. Ал эми өлкө боюнча 7-апрелден тартып күн ачылат. Түштүк жергесинде +22ге чейин жогорулайт,… Кененирээк…

Баткенде командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды

Баткенде командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аскердик жана өзгөчө абал шарттарына даярдануу иштери 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт. Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын унаалар, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система,… Кененирээк…

Бишкектеги тарых музейи күзгө чейин ачылат

Бишкектеги тарых музейи күзгө чейин ачылат. Маданият министри Кайрат Иманалиев билдиргендей, музей Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көрүүчүлөргө эшигин ачат. Ага чейин оңдоо иштери жыйынтыкталат. Эске салсак, музейди калыбына келтирүү иштери 2016-жылы башталган. Музейди оңдоо эки баскычта аткарылды. Биринчи этапта объектинин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып,… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 88 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 88 адам ковидди жеңип чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, сакайгандар Бишкекте 46, Чүйдө 32, Жалал-Абадда 4 жана Ош шаарында, Ысык-Көлдө 3төн. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгандан бери 84 миң 897 адам ковидден айыгып чыкты

“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди. Novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ кечтен тартып аталган пункттарда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды. Чектөөлөр ырайынын шарттары жакшырганда алынат. Анын ортосунда жеңил унаалар эч тоскоолдуксуз аралыкты сактоо менен жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 9га чейин чектөөлөр Күреңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельск, Жибек Жолу проспектисинде жана Жаш Гвария бульварына тиешелүү болот. Суунун убактылуу жок болушу оңдоо иштерине байланыштуу