Баткенде командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды.
Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аскердик жана
өзгөчө абал шарттарына даярдануу иштери 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана
Ош облустарында жүрөт. Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын унаалар,
брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система,
ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылат.