Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү активдешти. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, жер кыртышынын жылышы Жүзүм-Жан айылында катталды. Жыйынтыгында, 9 турак-жайга коркунуч жаралды.
Алардын тургундары коопсуз жерге көчүрүлдү. Учурда жеринде жарандык корогонуу комиссиясынын адистери иштеп жатат.