“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди.

Novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей,

кечээ кечтен тартып аталган пункттарда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды.

Чектөөлөр ырайынын шарттары жакшырганда алынат. Анын ортосунда жеңил унаалар эч тоскоолдуксуз

аралыкты сактоо менен жүрүп жатат. Эске салсак, аба-ырайына байланыштуу Суусамыр – Талас – Тараз

унаа жолунда дагы жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды.