«Коопсуздук-2021» биргелешкен машыгуусунун биринчи этабы башталды

Кыргызстанда бүгүн, 1-апрелде «Коопсуздук-2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды.

Коргоо министрлиги кабарлагандай, машыгуунун максаты – мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткаруусуна даярдыкка келтирүү.

 

Машыгуунун башталыш аземинде сүйлөп жатып коргоо министри Таалайбек Өмүралиев азыр дүйнөдө эл аралык терроризм жана экстремизм негизги коркунуч экенин белгилеп, «Биз Кыргызстандын жарандарынын жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек» деп айтты.

 

Машыгуу 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт. Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100дөй автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, 10дой авиациялык техника тартылууда.

 

Мындай ири машыгуу көптөн бери боло элек. Атургай бул ирет Баткен облусунун аймагында 2-апрелде бир нече саатка шарттуу түрдө коменданттык саат киргизилет.