Бишкектин, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды

Аба-ырайынын начар шарттары Бишкектин, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүнө алып келди. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, компаниянын бардык адистери учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 

Ордо калаада 105 бригада иштеп жатса, Чүйдө 53, Таласта 33 адистердин тобу аварияларды жоюу аракетин көрүүдө. Электр энергиясын берүүдө маселелер жаралса, жарандар 1209 кыска номуру боюнча чалса болот.