Башкы прокуратура Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатакты иликтеп баштады

Башкы прокуратура Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатакты иликтеп баштады.

Сотко чейинки өндүрүш иши “Тынчтыкка каршы чыккан кылмыштуулук” статьясы боюнча жүрүп жатат.

Иликтөө ишин алып баруу ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды. Анын курамына УКМКнын,

ички иштер министрлигинин жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери кирди. Башкы прокуратуранын

версиясы боюнча, тажик аскерлери Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында өлкөгө бастырып кирди.

Чек арага кол салып, автоматтык курал, минометторду, брондолгон танктарды, аскер вертолетторун жана

башка куралдарды колдонуп, өрт чыгарды. Эске салсак, чыр-чатак шаршембиде жергиликтүү тургундардын

кагылышуусунда башталган. Анын келип чыгышына тажик аскерлери “Головной” суу бөлүштүрүүчү түйүнүнө

жакын аймакка видео көзөмөл камерасын орноткону себеп болгон. Эки тарап тең пункт өз аймагында жайгашат деп эсептешет.

Эртеси күнү окуяга аскерлер кийлигишип, ок атуу башталган. Кырдаалда жүздөн ашык адам жабыр тартып,

13 жаран каза тапты. Тажик тарапта дагы жабыркагандар бар. Бирок алардын саны айтылган жок.