Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 134 адам жарат алып, 13ү каза тапты

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 134 адам жарат алып, 13ү каза тапты.

Бул бүгүн саат 8ге карата саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматы.

Ведомстводон билдиришкендей, 25 жабыр тарткан адам атайын борт менен Баткенден

Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия боборуна, улуттук госпиталга жана

улуттук хирургиялык борборго жайгаштырылды. Эки жабырлануучунун абалы оор деп баланууда.

Калагнадары орточо оор жана канааттандыраарлык. Эске салсак, Тажикстан менен чектешкен

аймактагы кырдаал бейшембиде күчөдү. Эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда ок атышуу катталды.

Эки таратп тең бири-бирин чыңалууну күчөттү деп айыпташты.