Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын эпицентринде чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын эпицентринде чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, кырдаал туруктуу,

бирок чыңалуу бар. Айрым аймактарда түндө жеке ок атуулар катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин

саат 8ге карата маалыматы боюнча, чек арадагы чыр-чатактан 134 адам жабыр тартып, 13у каза тапты.

Тажик тараптан жабыр тарткандар 150дөн ашса, 7 жаран каза тапты, — деп билдирди Asia-Plus.