Кыргызстандын башкы прокуратурасы чек арадагы тажик аскерлеринин кыймылын алдын-ала түзүлгөн провакация деп атады.
Бишкек Тажикстанды кыргыз аймагын басып алууга күнөөлөйт. Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматына ылайык,
эки күндүк чыр-чатактын жыйынтыгында жабыр тарткандардын саны 134кө жетти, 13 адам каза тапты, анын катарында
12 жаштагы кыз бар. Эске салсак, Тажикстан менен чек арадагы кырдаал бейшембиде катталды.
Эки тарап бири-бирин чыңалууну күчөттү деп айыпташты.