Коронавируска каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефону ишке кирди

Коронавируска каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефону ишке кирди.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ага ылайык,

Чалуу борбору күн сайын эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт.

Ага жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлери аркылуу чала алат.

Белгилеп кетсек, учурда өлкөдө кытайлык жана россиялык вакцина менен эмдөө жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө 23 миңден ашык жаран эмдөөдөн өтсө, экинчи дозаны алгандардын саны 700гө жетпейт.