31-майдан баштап Түркстан—Бишкек—Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда.
Түркстан — Казакстандын түштүгүндө жайгашкан шаар. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз
кызматынан билдиришкендей, Бишкектен Алматы менен Нур-Султанга Түркстан аркылуу учса болот.
Аба жолдору Казакстандын авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки ирет — дүйшөмбү жана
бейшемби күндөрү уюштурулат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.