Түштүк облустарда 3 жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.
Билим берүү мекемелери Кара-Суу районунун Маданият айылында,
Араван районунун Көчүбаев айылында жана Жалал-Абад облусунун
Ала-Бука районунда салынып жатат, — дешти Мамлекеттик курулуш агенттигинен.
Жаңы мектептерде спорт жана акты залдары, тамактануу блогу, химия, физика
боюнча лабораториялык класстар каралган. 3 мекеме 675 окуучуга чакталат.
Долбоордун сметалык баасы 2.5 миллион долларды түзөт.