Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы ири өлчөмдөгү пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу бүгүн, 8-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүм башчы К.У.А. кечээ, 7-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«Ал 2020-жылы декабрь айында кен иштетүү лицензиясынын жокко чыгарылышына жол бербөө үчүн 20 миң доллар пара алган.
Андан тышкары кызматтык абалынан пайдаланып, арыздануучудан батиринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп,
450 миң сомдон ашык акчага үй эмеректерин жна тиричилик техникаларын алып
берүүнү талап кылган», — деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иштери уланууда.