Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берет.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкө бизге 10 миң тонна ун жөнөтөт.
Мындай чечимди Касым-Жоомарт Токаев кабыл алды. Учурда
Казакстан өкмөтү президенттин тапшырмасын аткарууга киришти.
Бирок гуманитардык жүк качан келери так айтылган жок.