Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4 миң 443 эмдөө алды,
анын ичинен 1 миң 685и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө,
анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо
жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— Бишкекте – 11 360 (бир суткада – 1 миң 145, экинчи доза алгандар – 163);
— Ошто – 3 442 (бир суткада – 364, экинчи доза алгандар – 154);
— Чүй облусунда – 5 297 (бир суткада – 612, экинчи доза алгандар – 118);
— Ош облусу – 5 447 (бир суткада – 664, экинчи доза алгандар – 540);
— Ысык-Көл облусу – 3 834 (бир суткада – 494, экинчи доза алгандар – 159);
— Тадас облусу – 1 552 (бир суткада – 184);
— Нарын облусу – 2 050 (бир суткада – 236, экинчи доза алгандар – 43);
— Жалал-Абад облусу – 7 022 (бир суткада – 564, экинчи доза алгандар – 275);
— Баткен облусу – 1 миң 863 (бир суткада – 282, экинчи доза алгандар – 117).
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү
тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.
Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.