Нидерланддар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөттү

Нидерланддар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөттү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аталган өлкө биздин республикага 100 миң евро бөлүп берди. Каражат алуу боюнча макулдашуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги жана Европа департаментинин Борбордук Азия боюнча бөлүмү ортосунда жетишилди. Берилген сумма COVID-19га каршы күрөшүүдө керектүү дары-дармектерди… Кененирээк…

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту шашылыш каттоо майдын аягында башталат

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту шашылыш каттоо майдын аягында башталат. Учурда биометрикалык паспортту тез арада даярдоонун жобосу жок. Бирок, Кыргызстандан чыгууга муктаж жана шашылыш паспорт керек болгон жарандар 2006-жылкы үлгүдөгү документти алууга кайрылса болот, — дешти  Мамлекеттик каттоо кызматынан. Андан белгилешкендей, биометрикалык паспорт 18 иш… Кененирээк…

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүлөт

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүлөт.  Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында,  каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнөт. Ал эми жабыр арткандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берилет. Белгилеп кетсек, чектеш аймактагы чыр-чатактан 36… Кененирээк…

Россиянын Сахалин аймагында ууланган 12 кыргызстандык ооруканадан чыкты

Россиянын Сахалин аймагында ууланган 12 кыргызстандык ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Буга чейин ЖМКлар «Оргэнергострой» институтунун Углегорск филиалында иштеген кыргызстандыктардын тамак-аштан ууланганы тууралуу жазышкан. 7-майда Кырызстандын Түштүк-Сахалиндеги консулу Углегорск борбордук ооруканасынын жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Анда мекендештердин ооруканага түшкөнүн тастыкташып,… Кененирээк…

Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу

2021-жылдын 8-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасын ИИМдин… Кененирээк…

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы көчөлөрдө өзгөчө жол чырактар пайда болду

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы көчөлөрдө өзгөчө жол чырактар пайда болду. Учурда иштеп жаткан жол чырактарда кадимки түстөрдүн ордунда быйтыкчалар көрүнөт. Адистердин айтымында, эмоцияны билдирген сүрөттөр жаштар арасында таанымал. Андыктан, жаңычылдык жаш жөө жүргүнчүлөрдүн, балдардын визуалдык кабыл алышын жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой эле жол чырактарга үн чыгаруучу… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет. Андан улам, келаткан бейшемби өлкө аймагында эс алуу күнү болот. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ал эми Муфтияттан белгилешкендей, Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүшүнө карап аныкталат. Орозо айы айрым учурда 30, кээде 29 күнгө созулат.… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда жол куруу иштери башталды

Баткен облусунун Лейлек районунда жол куруу иштери башталды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Маргун айылынан Даркум айылына кеткен жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Андан кийин, жумуштар Самаркандек — Даркум жолдорунда жүргүзүлөт. Оңдоп-түзөлө турган унаа жолдун узундугу 44 чакырымды түзөт. Андан тышкары, Кулунду — Максат — Арка… Кененирээк…

Чек ара кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Чек ара кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул боюнча маселе толук чечилди, эми токтом долбоорго кол коюлушу керек, — деп билдирди экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков. Анын айтымында, чек арачылардын маянасын көтөрүүгө 700 миллион сом керектелет. Ар бир кызматкердин эмгек акысына орточо эсеп менен 5 миң… Кененирээк…