Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Профсоюз, Кайназарова, Патрис Лумумба, Панфилов, Скрябин, Гагарин, Махатма Ганди, Элебесов көчөлөрүндө, Касым, Достук, Эне-Сай, Ак-Тилек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп баштайт

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп баштайт. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, жалпысынан өлкө аймагында 116 тестирлөө борбору ачылды.   Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 817 абитуриент катталган. Эске салсак, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин өтөт.

Чүй облусунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл-чарбачылыгы тармактарындагы 12 имараттын курулушу жыйынтыкталды

Чүй облусунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл-чарбачылыгы тармактарындагы 12 имараттын курулушу жыйынтыкталды. Бл тууралуу өнүктүрүү жана  инвестициялоо агенттигинен билдиришти.   Андан такташкандай, 6 ФАП жана  2 спорт залы колдонууга берилди. Ошондой эле, маданият үйү, 2 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Объектилер Кемин,… Кененирээк…

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу окурмандар онлайн өтүнмөлөрүн күн сайын саат 10дон 4кө чейин бере алышат.   Ал эми буюртма кылган керектүү адабияттарын иш күндөрү китепкананын Жумабек көчөсү тарабындагы кызматтык эшигинен ала алышат. Онлайн кызмат көрсөтүү 23-майга чейин… Кененирээк…

2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду

2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду. Биринчи жолу эне болгондордун курагы орто эсеп менен 23 жашты түзүп, алардын көбү Ош шаарында, Ош, Баткен жана Талас облустарында жашайт.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайды. 2020-жылы… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн ысык суу өчүрүлөт

Бишкекте бүгүн ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, ордо калаада жыл сайын ысык суу берүү 1 айга токтотулат. Бул убакыт аралыгында адистер суу түтүктөрүн оңдоп, жылуулук сезонуна даярдык көрүшөт.   Ысык суу кайра 17-июнда берилет деп пландалууда.