2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду

2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду. Биринчи жолу эне болгондордун курагы орто эсеп менен 23 жашты түзүп, алардын көбү Ош шаарында, Ош, Баткен жана Талас облустарында жашайт.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайды. 2020-жылы 1 миң 436 эгиз жана 14 үч эм жарыкка келди.  кечээ Кыргызстанда энелер күнү белгиленди.