Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп баштайт

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп баштайт. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, жалпысынан өлкө аймагында 116 тестирлөө борбору ачылды.

 

Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 817 абитуриент катталган. Эске салсак, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин өтөт.