38 миң палестиналык БУУга баш паанек сурап кайрылды

Палестиналык качкындарга жардам берчү БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттиги (БАПОР) Газа тилкесинин чек ара аймактарында жашагандардын ичинен 38 миң киши убактылуу баш калкалоочу жай сурап кайрылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Газа секторуна Израилдин соккусу токтобой жаткандыктан агенттиктин мектептерине 38 миң палестиналык баш калкалоо үчүн… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Эс алуу күндөрү америкалык валютанын куну дароо 50 тыйынга төмөндөдү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 83 сом 90 тыйынга сатып алып, кайра 84 сом 20 тыйынга сатышууда.   Белгилеп кетсек, бул 2021-жылдын январь айындагы курска барабар.

Токтогул суу сактагычында эки жума ичинде суунун көлөмү 1 миллиард кубометрге көбөйдү

Токтогул суу сактагычында эки жума ичинде суунун көлөмү 1 миллиард кубометрге көбөйдү. “Электр станциялар” компаниясынын сайтында жазылгандай,  3-майга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8,7 миллиард куб суу болсо, бүгүнкү күндө 9,7 миллиард кубга жетти.   Суунун келүүсү сутка ичинде чыгаша болгон көлөмдөн 3 эсе көп болууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 284 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 284 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 194, Ошто 8, Чүйдө 51, Таласта 2, Нарында 5, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 2, Баткенде 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 93 миң 886 адам коронавирусту жеңди.

Кыргызстанда кумшекердин баасы бир жыл ичинде 46 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда кумшекердин баасы бир жыл ичинде 46 пайызга кымбаттады. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын май айында азыктын бир килограммын кыргызстандыктар 43 сомдон сатып алса, учурда анын баасы 63 сомго теңелди.   Кыргызстандын кумшекерге жылдык муктаждыгы 110 миң тонна болсо, анын… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жыл ичинде суу майдын баасы 75 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда бир жыл ичинде суу майдын баасы 75 пайызга кымбаттады.   Мындай маалыматты Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги берди. Ага ылайык, өткөн жылдын май айында өлкөдө суу майдын бир литри орточо эсеп менен 87 сомдон сатылса, учурда анын баасы 153 сомду түзөт.   Белгилеп… Кененирээк…

Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр жумшарды

Түркияда коронавирус боюнча чектөөлөр жумшарды. Белгилеп кетсек, буга чейин президент Режеп Тайып Эрдоган 17-майга чейин толук локдаун киргизген. Бардык мекемелер ишин токтоткон болчу.   1-июнга дейре кечки 9дан таңкы 5ке чейин коменданттык саат сакталат, ал эми эс алуу күндөрү жарандарга сыртка чыгууга такыр тыюу салынат.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан 50 миңден ашык адам эмделди

Кыргызстанда коронавирустан 50 миңден ашык адам эмделди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, препараттын экинчи дозасын алгандардын саны 10 миң 886ны түзөт.   Эмдөө алгандардын көбү Бишкекке туура келет, андан кийин Чүй, Жалал-Абад, Ош облустары турат. Эң аз – Нарын облусунда.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан… Кененирээк…

Бишкектеги мейманкада чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги мейманкада чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Жумабек көчөсүндө жайгашкан конок үйүндө чыккан жалын кечки саат 11ге жакын чектөөгө алынып, түнкү 1де толугу менен өчүрүлгөн.   Тилсиз жоону басууга 6 атайын техника тартылды. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо 100-200 миллион сомго айланат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо 100-200 миллион сомго айланат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, чыгымдардын көбү комиссия мүчөлөрүнүн айлыгына багытталат.   Эске салсак, шайлоолордогу көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу, аталган 3 шаарда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. 1 ай ичинде… Кененирээк…