Чүй облусунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл-чарбачылыгы тармактарындагы 12 имараттын курулушу жыйынтыкталды. Бл тууралуу өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришти.
Андан такташкандай, 6 ФАП жана 2 спорт залы колдонууга берилди. Ошондой эле, маданият үйү, 2 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Объектилер Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда жайгашат.