Баткен облусунда жаңжалда жабыркагандардын балдары Ысык-Көл жээгине  10 күндүк эс алууга жөнөтүлөт

Баткен облусунда жаңжалда жабыркагандардын балдары Ысык-Көл жээгине  10 күндүк эс алууга жөнөтүлөт.   Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Эртең балдар менен учак Тамчы аэропортуна конот. Алар балдар лагерлерине жайгаштырылат. Программанын алкагында экскурсия жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү дагы каралган. Жалпысынан… Кененирээк…

Бишкек мэриясы россиялык автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Бишкек мэриясы россиялык автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Кыргызстандагы Россиянын Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.   Эки тарап газ менен жүргөн автобустарды жеткирүү жана Россиянын каржы түзүмдөрү тарабынан каржылоону тартуу боюнча макулдашты. Мэриядан эскертишкендей, кара түтүн менен күрөшүү… Кененирээк…

Кыргызстанда акимдердин аттестациясы өттү

Кыргызстанда акимдердин аттестациясы өттү. Мамлекеттик кадрлар кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинскийдин айтымында, 10 адам тестирлөөдөн өтпөй калып, кызматтан алынды.   Ал эми сынактан өткөн акимдердин бир бөлүгү кадрлар резервине алынса, калгандары аким кызматына дайындалды. Тарбинский белгилегендей, жумуштан кетирилгендер дагы бир ирет тесттен өтүп, аймактык… Кененирээк…

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору бардык сунуш жана пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкты

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору бардык сунуш жана пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкты.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, аймакты өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу үчүн жол картасы түзүлөт. Андан тышкары,… Кененирээк…

Бишкектеги ысык майдын аягына чейин сакталат

Бишкектеги ысык майдын аягына чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, күндүз термометр мамычалары +35 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 15тен төмөндөбөйт. Ордо калаада 2-июнга чейин жаан-чачын болбойт. Ушул айдын аягында абанын табы максималдуу чекке жетиши ыктымал. Эске салсак, азырынча эң ысык деп 2018-жылдын 11-майындагы температура эсептелет. Анда… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпысынан 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 5 миң 438 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 27 миң 602сы вакцинанын экинчи дозасын алды. Аймактар боюнча алганда: — Бишкекте – 19 миң 990; — Ошто… Кененирээк…

Июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 3 ирет беттешке чыгат

Июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 3 ирет беттешке чыгат. Оюндар 2022-2023-жылкы дүйнө жана Азия чемпионаттарынын алкагында өтөт. Алсак, биздин команда 7-июнда Монголия менен ойнойт, 11-июнда Мьянма менен кез келсе, 15-июнда Япония менен беттешет. Мелдештер Япониянын Осака шаарында уюштурулат. Белгилеп кетсек, курама команда 30-майда кыска… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин малыматына ылайык, сакайгандардын көбү Бишкекке жана Чүй, Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгнадан бери 96 миң 765 адам ковидди жеңип чыкты.

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрдү

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду, сел өтүүчү каналды кум-шагылга толтурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Тогуз-Булак, Узун-Сай айыл аймагында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген… Кененирээк…

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер ачылбайт

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер ачылбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Ал белгилегендей, жайкы аянтчаларды ачууга республикалык штаб уруксаат берген жок. Бирок калктын аярлуу катмарынын балдары жана жакшы окугандар Ысык-Көлгө жөнөтүлөт. Эске салсак, Ошто 1-июндан тартып 17 мектепте атайын жайкы лагерлер иштеп баштайт.